Биз социалдык тармакта

Караколдо Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу концерт өтөт

Каракол шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт өтөт. Иш-чара 31-августта шаардын борбордук аянтында уюштурулат. Негизги концерттик программа саат 17:15те башталат.

Музыкалык программа кыргыз элинин өткөн тарыхынан тартып азыркы Кыргызстанга чейинки жолун чагылдырууга арналат. Иш-чарада ата-бабалардан калган мурас, өлкөнүн бүгүнкү жетишкендиктери жана келечекке болгон ишеним даңазаланат.

Салтка ылайык, майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө ардактуу кароол Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрөт.

«Бир өлкө. Бир чоң майрам!» урааны алдында өтө турган кечеде Каракол шаарынын тургундары жана коноктору үчүн кеңири концерттик программа даярдалды.

Сахнага белгилүү кыргызстандык өнөрпоздор Нурлан Насип, Кымбат Азизова, Мажик Байсынов, Темир Назаров, Freeman 996, Бегиш жана башка ырчылар чыгат.

Кеченин негизги хедлайнерлери катары Орусиянын белгилүү ырчылары Люся Чеботина жана Филипп Киркоров чыгышат.

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара көркөм салют менен жыйынтыкталат.

Өткөрүлө турган жери: Каракол шаарынын борбордук аянты
Күнү: 31-август, 2026-жыл
Убактысы: 17:15-22:20

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан