Бүгүн, 26-августта Ош шаарындагы Бабур атындагы театрда билим берүү кызматкерлеринин 2026–2027-окуу жылына карата август педагогикалык конференциясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Конференция «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» темасында өттү. Анда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2025–2026-окуу жылындагы жетишкендиктери талданып, жаңы окуу жылына карата негизги милдеттер белгиленди.
Мындан тышкары, билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге Ош шаардык мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана башка мекемелердин сыйлыктары тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө ардагер мугалимдер жаш педагогдорго насаат айтып, кесиптик тажрыйбалары менен бөлүштү.
Конференциянын соңунда 2026–2027-окуу жылына карата билим берүү тармагындагы негизги багыттарды камтыган резолюция кабыл алынды.