Дүйнөгө белгилүү ырчы Рианна ресторанга барганда адаттан тыш кийим кийип, жаңы мода трендин жаратты. Ырчы бул жолу юбка менен жинсы айкалышкан өзгөчө моделди тандаган.
Vogue басылмасынын маалыматына караганда, Рианна мода жаатында эксперимент жасаганды жакшы көрөт жана анын образдары көп учурда дүйнөлүк трендге айланат.
Папараццилер ырчыны белинен томугуна чейин юбка менен жарым-жартылай жабылган жинсы шым кийип жүргөн жеринен сүрөткө тартышкан. Ал образын сыдырмасы бар кара кофта, Dior брендинин көлөмдүү сумкасы жана чоң күндөн коргоочу көз айнек менен толуктаган. Бутуна болсо жылан терисинин өңүн элестеткен сүрөтү бар Miu Miu кроссовкасын кийген.
Кадимки жинсыны кайрадан башкача түшүнүү тенденциясы өткөн жылдын күзүндөгү мода көргөзмөлөрүндө эле байкала баштаган. Мисалы, Stella McCartney капталдары драпировка менен кооздолгон жинсыларды көрсөтсө, Dries Van Noten капталындагы өтө чоң тиликтери шымга окшошуп кеткен макси-юбкаларды сунуштаган.
Рианнанын жаңы образы бул тенденцияны дагы бир кадам алдыга жылдырды. Жинсы менен юбканын айкалышынан турган жаңы кийим «skean» деп аталып жатат. Бул аталыш англис тилиндеги skirt («юбка») жана jean («жинсы») сөздөрүнүн бирикмесинен алынган.
Мода адистеринин айтымында, Рианнанын тандоосу бул адаттан тыш кийимдин популярдуулугун жогорулатып, skean жакынкы мезгилдеги негизги мода тренддеринин бирине айланышы мүмкүн.