Иран Түркмөнстандын Аваза шаарында октябрда өтө турган форумдардын алкагында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин мүмкүн болгон жолугушуусун кубаттайт. Бул тууралуу Ирандын Ашхабаддагы элчиси Али Можтаба Рузбехани билдиргендигин орус басылмалары жазышты.
Анын айтымында, Иран Аваза форумдарына катышкан өлкөлөр, анын ичинде Орусия менен достук мамиледе.
«Иран менен Орусиянын мамлекет башчыларынын жолугушуусу биз үчүн да маанилүү иш-чара. Биз муну кубаттайбыз. Бирок жолугушуу форумдун программасына жана саясий жолугушуулар үчүн бөлүнгөн убакытка жараша болот», — деди элчи.