VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана аларды өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектеги айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Тактап айтканда, 27-август саат 20:00дөн 29-август саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаалар үчүн толугу менен жабылат.
Милиция айдоочуларды чектөөлөрдү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды пландап алууга чакырды.