Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Кытайда ири логистикалык борбор курууга даярданууда

Кыргызстан Кытайдын Сиань шаарында жаңы транспорттук-логистикалык хаб түзөт. "Кыргыз темир жолу" бул үчүн 9 гектар жерди 49 жылга ижарага алганын кечээ, 26-августта мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, долбоордун болжолдуу баасы 50 миллион долларды түзүп, анын алкагында логистикалык борбор жана темир жол терминалы курулат. Хаб толук ишке киргенде айына 500гө жакын контейнерди тейлей алат.

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Кытай биргелешип "Кыргызтрастинвест" компаниясын түзгөн. Компаниянын 51 пайыз үлүшү Кыргызстанга, 49 пайызы Кытайга таандык. Жаңы борбор аркылуу Кыргызстан менен Кытайдын товарларын, анын ичинде айыл чарба продукцияларын жана пайдалуу кендерди ташуу пландалууда. Ошондой эле жүктөрдү Кытайдан башка мамлекеттерге жеткирүүгө шарт түзүлөт. Бул хаб Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу толук ишке киргенге чейин мультимодалдык жүк ташууларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берет",- деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан