Бүгүн, 27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу.
27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө киргизилет. Ал эми 10-сентябрдан 15-сентябрга чейин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарында дрон учурууга болбойт.