Чүй облусунун Токмок шаарында жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынак тапшырып жатып, гаджеттердин жардамы менен алдамчылык кылууга аракет кылган. Бул тууралуу кечээ, 26-августта "Унаа" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда анын жанынан эки телефон, акылдуу саат, микрофон жана кулакчындар табылган. Тийиштүү жабдуулар алынгандан кийин милицияга өткөрүлүп берилди.
Мекеме айдоочулукка талапкерлерди экзамен учурунда белгиленген тартипти сактап, сынакты өз билимине таянуу менен тапшырууга чакырат.