Биз социалдык тармакта

Өзгөндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Кечээ, 26-августта кечинде Өзгөн районунда "Укук-тартип" аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милиция ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Дарыгерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында айдоочу баңгизат колдонгону аныкталды. Ага карата тиешелүү протокол түзүлүп, унаасы айып короого киргизилди.

Рейд 27-августка чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан