Бүгүн, 27-августта Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды.
Тиешелүү чечимге ылайык, Нурбек Букуев министрдин орун басары болуп дайындалды.
"Ал хирург, онколог-гинеколог, медицина илимдеринин доктору жана доцент. Саламаттык сактоо тармагында клиникалык, башкаруучулук жана илимий-педагогикалык багыттарда 21 жылдык тажрыйбасы бар. 2024-жылдан бери Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп келген. Ал жерде дарылоо, илимий жана билим берүү иштерин уюштуруу, заманбап клиникалык протоколдорду киргизүү жана мамлекеттик, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иш алып барган",- деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, Букуев 18-августта кызматынан бошотулган Бакытбек Кадыралиевдин ордуна келди.