Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Варшавада өткөн Владислав Пытлясинскийдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде күч сынашып, 5-орунду ээледи.
Исмаилов мелдеште 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты. Ал 5 беттеш өткөрүп, үчөөндө жеңишке жетип, экөөндө жеңилди. Коло медаль үчүн күрөштө украиналык балбанга утулуп калды.
Эскерте кетсек, Польшадагы мелдеш 30-августка чейин уланат. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын атынан 9 грек-рим күрөшчүсү, кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан кыз кеткен.
Азырынча Асан Жанышов Кыргызстандын капчыгына алтын медаль алып келди.