Биз социалдык тармакта

Неберелерин баккан чоң ата, чоң энелерге ай сайын акча төлөө сунушталды

Орусияда 7 жашка чейинки балдарды караган чоң ата, чоң энелерге ай сайын акчалай төлөм берүү сунушталды. Демилгени "Адилеттүү Орусия" партиясынын лидери Сергей Миронов көтөргөнүн ТАСС агенттиги жазды.

Миронов бул сунушту Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Антон Котяковго жолдогон кайрылуусунда билдирген. Ага ылайык, төлөмдүн көлөмү бала жашаган аймактагы минималдуу эмгек акыга барабар болушу керек. Мындай колдоо биринчи балага гана эмес, үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир балага берилүүгө тийиш.

Мироновдун айтымында, демилге ата-энеси иштеп жаткан учурда балдарды жакын туугандарынын кароосуна шарт түзүп, үй-бүлөлөргө экономикалык жактан колдоо көрсөтүүгө багытталган. Ошондой эле бул чара Орусиядагы демографиялык абалды жакшыртууга жардам берет деп күтүлүүдө.

Учурда бул сунуш - демилге гана, аны ишке киргизүү боюнча чечим кабыл алына элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан