Бишкектеги "Вефа" соода борборунда 3-кабаттан кулап кеткен 5 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Маалыматты №3 балдар ооруканасынан тастыкташты.
"Баланын абалы акырындан жакшы болуп, ал жасалма дем алдыруучу аппаратсыз деп алып жатат", - деп билдирди башкы дарыгер Акылбек Маманов.
Эске салсак, бала 11-августта "Вефа" соода борборунда бийиктиктен кулап, ооруканага жеткирилген.