Бүгүн, 27-августта жакында эле жолдошунан айрылган ырчы Айтурган Эрмекова президент Садыр Жапаровго, ИИМге жана УКМКга кайрылып, өзүнө карата коркутуулар болуп жатканын билдирди.
Ал күч түзүмдөрүнөн өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздап, коргоого алууну суранды.
Эскерте кетсек, ырчы айымдын жолдошу 22-августта каза болгон. Ал жолдошунун акыркы жолу тарткан видеосун социалдык баракчасынан бөлүшүп, анын өз жанын кыюуга жеткирген адамдарды соттотууга аракет кыларын билдирди.