Бишкекти дүйнөгө тааныткан мыкты видеолор жана фотокаталогдор үчүн сынак жарыяланды.
Мэрия билдиргендей, арыздар 27-августтан 27-октябрга чейин кабыл алынат.
"Сынакка жеке же 5 адамга чейинки топ менен катышууга болот. Видеолор кыргыз, орус же англис тилдеринде, ал эми фотокаталогдор үч тилде даярдалышы керек. Сынакка катышууну каалагандар даяр иштерин gorsport@meria.kg электрондук дарегине же @mi1ianna Telegram аккаунтуна жөнөтө алышат",- деп белгиленди маалыматта.