Биз социалдык тармакта

Бишимбаевдин сотундагы прокурор Айжан Аймаганова депутат болду 

Казакстанда экс-министр Куандык Бишимбаевдин сот ишинде мамлекеттик айыптоочу болгон Айжан Аймаганова Курултайдын депутаты болуп шайланды. Ал "Адилет" партиясынан шайлоого катышкан. Бул тууралуу 27-августта казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, аны менен катар дагы 144 адам депутаттык мандат алган. Саясий партиялар өз депутаттарынын тизмесин жарыялап, Курултайдын курамы толугу менен белгилүү болду.

Курултайда “Адилет” партиясы 110 мандатка ээ болсо, “Ауыл” партиясына 10, “Республика” партиясына 9 мандат берилди. Ал эми “Ак жол” жана “ОСДП” партияларынын ар бири 8ден мандат алды.

Жалпысынан Курултайда 145 депутат иш алып барат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 13-майында Астанада Салтанат Нукенова аттуу жарандын өлүмү боюнча сот иши аяктап, Куандык Бишимбаев аны кыйнап өлтүргөнү үчүн 24 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан