Биз социалдык тармакта

Кашка-Сууда жыл бою иштей турган комплекс курулат (видео)

Бүгүн, 27-августта, Чүй облусунун Кашка-Суу айылында "Baytik Mountain Resort" аттуу жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Документ Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group" жоопкерчилиги чектелген коому жана президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда түзүлдү.

Долбоорго ылайык, мында тоо лыжа жана туристтик инфраструктура, асма жолдор, жасалма кар жаадыруу системалары менен жабдылган тоо лыжа трассалары, жайкы эс алуу жайлары, мейманкана комплекстери, ресторандар, SPA-комплекстери, MICE-борборлор, үй-бүлөлүк жана активдүү эс алуу объекттери, ошондой эле инженердик, транспорттук жана санариптик инфраструктура түзүлөт.

Долбоордун жалпы наркы 127,9 миллион долларды түзөт. Долбоор этап-этабы менен ишке ашырылып, инфраструктуранын биринчи кезегин 4–5 жыл аралыгында пайдаланууга берүү пландалууда.

Объект пайдаланууга берилгенден кийин 800дөн кем эмес жумуш орду түзүлөт. Анын ичинен Кыргыз жарандарынын үлүшү кеминде 80 пайызды түзүүгө тийиш.

Кашка-Сууда жыл бою иштей турган комплекс курулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан