Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинде соттолгон жарандар паспорт менен камсыз болушту. Бул тууралуу 26-августта мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, ушул жылдын башынан бери мекемеде өздүгүн тастыктоочу документи жок же мөөнөтү өтүп кеткен соттолгон жарандарды документтештирүү боюнча тиешелүү иштер аткарылып келет. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө 89 соттолгон жаран паспортко ээ болду.