Биз социалдык тармакта

Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 389 адамга жетти

Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 389 адамга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга таянуу менен Ratopati басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда 389 адамдын сөөгү табылган. Табигый кырсыктан жабыркагандардын саны 466га көбөйгөн.

Кырсык кечээ эртең менен Кытай менен чектеш аймакта болгон. Бийик тоолуу Тибет аймагынан агып келген Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшү күчтүү селдин жүрүшүнө себеп болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, миңге жакын адам дайынсыз болууда. Алардын арасында чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Орусиянын жарандары да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан