Биз социалдык тармакта

Польша АКШ менен бир нече аскердик база түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Польша өз аймагында АКШнын бир нече аскердик базасын түзүү боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу республиканын улуттук коргоо министринин орун басары Павел Залевский Пентагондун башчысынын орун басары Элбриж Колби менен сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге билдирди.

Июнь айынын башында Польша АКШга өз аймагында туруктуу америкалык аскердик база түзүүнү расмий түрдө сунуштаган.

Залевскийдин айтымында, Польша азыр АКШ менен америкалык аскерлерди жайгаштыруу үчүн «бир нече туруктуу жайларды түзүү боюнча өнүккөн сүйлөшүүлөрдү» жүргүзүүдө.

«Биз бир нече база тууралуу сөз кылып жатабыз», — деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан