Биз социалдык тармакта

Оштогу ири көчөлөрдүн бири оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

Ош шаарында Төлөнөв, Калмурзаев жана Атабаев көчөлөрүнүн Ишматов көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңыланып, пайдаланууга берилди.

Мэриядан билдиргендей, жолдун жалпы узундугу 2 чакырым 650 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Жолдун 15 метрине эки катмар асфальт төшөлүп, эки тарабына тротуарлар курулду.

Мындан тышкары, ирригациялык арыктар жаңыланып, жашылдандыруу үчүн атайын тилкелер каралды. Канал аркылуу өткөн эки көпүрө да оңдолду.

Жолдун ачылышына Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев баштаган бир топ депутаттар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан