Ош шаарында таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Объект менен Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана депутаттар таанышты.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, завод 18 гектар аянтты ээлеп, имараттарынын жалпы аянты 27 миң чарчы метрди түзөт.
Ишкана ишке киргенден кийин таштандыларды сорттоо жана зыянсыздандыруу менен катар электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундары ачылат.
Долбоор Ош шаарындагы таштанды көйгөйүн чечүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.