Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы жаңы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тишелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Ал буга чейин Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу болуп иштеген. Ошондой эле Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон.