Лаос мамлекетинин президенти Тхонглун Сисулит Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, бүгүн, 31-августта аны "Манас" аба майданынан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алган. Тхонглун Сисулит ШКУ плюс форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышмакчы.