Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга Ирандын президенти келди

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, анын учагы бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Манас" аба майданына конду. Ирандык лидерди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Масуд Пезешкиан ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, ШКУ плюс форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан