Орусиялык саясатчы маркум Владимир Жириновскийдин мурдагы жардамчысы Александр Сафонов согуш жүрүп жаткан аймакта оор жаракаттан улам каза болду. Бул тууралуу "Либерал-демократиялык" партиясы лидери Леонид Слуцкий билдирди.
Анын айтымында, Сафонов Жириновский менен 10 жылга жакын бирге иштеген. Ал кийин аскердик кызмат өтөө боюнча келишим түзүп, өз ыктыяры менен фронтко кеткен. Слуцкий Сафоновду боорукер, жардамга даяр, жөнөкөй жана жоопкерчиликтүү адам катары эскерди.
Сафонов көпчүлүккө Жириновскийдин "Сафонов, оплатить!" деген сөзү айтылган видеодон кийин таанылган. Видео 2014-жылы дарыканалардын биринде тартылган.