Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюань менен Улуттук тарых музейине баргандагы видеосун жарыялады.
Өлкө жетекчилеринин жубайлары ал жакка кечээ, 31-августта барышкан. Алар кыргыз жана кытай элдеринин каада-салтын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган көргөзмө менен таанышышкан.