Бүгүн, 1-сентябрда Түштүк Кореянын белгилүү BTS тобунун эң жаш ырчысы Чон Чонгук 29 жашка толду. Ал 1997-жылы Пусан шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү. Ал бала кезинде спортчу болууну кыялданып, бадминтон менен машыккан. Кийин бийге кызыгып, чыгармачылык жолду тандаган.
Чонгук 16 жашында, 2013-жылы BTS тобунун курамында “2 Cool 4 Skool” ыры менен сахнага чыккан. Ал топтун эң жаш мүчөсү болгондуктан, күйөрмандары "алтын кенжетай" деп атап келишет.
Ырчы BTS'тин курамында дүйнөлүк атакка жетип, бир нече жеке чыгармаларын да чыгарган. Ал ырчы гана эмес, бийчи, продюсер жана ыр жазуучу катары да белгилүү. Чонгуктун жеке чыгармаларынын арасында "Euphoria" жана "Begin" сыяктуу ырлар бар. Анын чыгармачылыгы дүйнөнүн булуң-бурчундагы күйөрмандарынын арасында кеңири популярдуулукка ээ.
Буга чейин Чонгук BTS тобунун башка мүчөлөрү менен бирге Түштүк Кореянын маданиятын дүйнөгө таанытууга салым кошуп, маданият тармагындагы жетишкендиктери үчүн президенттик орден менен сыйланган.
Чон Чонгук тууралуу кызыктуу маалыматтар

Чонгук бир кезде чоңойгондо кафе ачып, өрдөктүн этинен түрдүү тамактарды жасап берүүнү, ошондой эле татуировка салонун ачууну кыялданган. Бирок анын келечеги таптакыр башкача болуп, бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү эң популярдуу k-pop жылдыздарынын бири болуп калды.