Биз социалдык тармакта

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин расмий пресс-конференциясы өттү

Бүгүн, 1-сентябрда «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына, спорттук, маданий жана илимий программаларына, объекттердин даярдыгына жана негизги уюштуруучулук маселелерге арналган расмий пресс-конференция өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Улан Маматканов, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев жана башка жооптуу өкүлдөр катышты.

Болотбек Ашыралиев өз сөзүндө быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары масштабдуу деңгээлде уюштурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мелдештерге 104 мамлекеттен 3 миңден ашуун спортчу катышууда.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө жергиликтүү жана чет элдик журналисттер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери 1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусундагы төрт негизги локацияда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан