Бүгүн, 1-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында көк бөрү мелдешине катышуучу командалардын чүчүкулагы өттү. Анын жыйынтыгында командалар эки тайпага бөлүндү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү мелдешине 7 команда катышат.
Чүчүкулактын жыйынтыгы:
А тайпасы: Кыргызстан, Орусия, АКШ, Өзбекстан.
В тайпасы: Венгрия, Казакстан, Тажикстан.
Эске салсак, көк бөрү боюнча мелдештер 2-сентябрда башталат.