Кырчын жайлоосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасынын этно-базары иштеп жатат. Этно-базарда кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү, салттуу буюмдары жана заманбап кол өнөрчүлүк үлгүлөрү сунушталууда.
Бул жерде байыркы көчмөн элдин жашоо-турмушу чагылдырылган. Учурда бул этно-базарда эл арбын. Келген коноктор аз убакытка болсо да көчмөн жашоонун атмосферасын сезе алышат.
Бул этно-базар 6-сентябрга чейин ачык болот.