Бүгүн, 2-сентябрда Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий, спорттук иш-чаралар өтүп жатат.
Жамгыр жааганына карабай эл иш-чараларга активдүү катышып, чет элден келген туристтердин да саны арбын.
Кырчын жайлоосуна жаңырган кыргыз ырлары чет элдиктерге эргүү берип, ыр-бийге толгон аймак өзүнчө шаңга бөлөнүүдө.