Нарын мамлекеттик коругунда жапайы жаныбарлардын жашоо-турмушун көзөмөлдөө максатында орнотулган фотокапкандар кызыктуу кадрларды тартып алды.
Сүрөттөрдөн Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген ак илбирстерди, ошондой эле кулжа, тоо теке, күрөң аюу жана карышкыр сыяктуу жаныбарларды көрүүгө болот.
Адистердин айтымында, фотокапкандар жаныбарларды алардын табигый чөйрөсүнө кийлигишпестен байкоого жана алардын саны менен жүрүм-туруму тууралуу маалымат топтоого мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын Кызыл китебин жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатат. Фотокапкандардан алынган мындай кадрлар сейрек кездешүүчү жаныбарлардын учурдагы абалын аныктоодо маанилүү маалымат болуп саналат.