Дүйнөгө белгилүү ырчы ARASH 11-сентябрда Талас шаарында концерт берет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Таласта бул күнү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чара өтөт. Анын алкагында бир катар жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттердин ачылышы пландалууда.
Майрамдык иш-чарада ARASH өзүнүн белгилүү ырларын аткарып, таластыктарга жана конокторго концерт тартуулайт.