Руанданын Кигали шаарынан чыккан популярдуу "Moriox Kids" балдар тобу Ысык-Көлгө келишти. Бул тууралуу ырчы Гүлназ Чыныбек кызы соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Алар 6-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземинде, ал эми 8-сентябрда Ош шаарында концерт тартуулашат.
Белгилей кетсек, буга чейин Гүлназ Чыныбек кызы Руандага богон сапарында "Moriox Kids" тобу Көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн келерин билдирген.