Кечээ, 2-сентябрда Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр ааламы" этно-айылынын ачылышы болуп өттү.
Этно-айылдагы "Бишкек Ордо" аймагына 15 боз үй тигилген. Ордонун борбордук бөлүгүн "Манас" эпосуна арналган "Хан Ордо" боз үйү ээлейт.
Бул жерде коноктор кыргыз элинин улуттук каада-салттары менен таанышып, кыргыз ашканасынын даамдарынан ооз тийип, элдин тарыхы жана маданияты тууралуу маалымат алышат.