Дүйнөгө белгилүү япониялык блогер Южи Белеза VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келди. Бул тууралуу блогер социалдык тармакка видео жарыялап, билдирди.
Видеодон анын “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасында даргин улутундагы кыргызстандык жаран менен баарлашканын көрүүгө болот.
Эске салсак, Южи бир нече тилде эркин сүйлөгөнү жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүн кыдырып, маданияттарды тааныткан видеолору менен белгилүү.