Жайыл районунда кар көчкү астында калган мергенчини издөө иши уланат. Бул тууралуу 3-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-январь күнү Эрнис Мамбеталиев 2 досу менен Бишкек-Ош унаа жолунан 7-8 чакырым алыстыкта турган Абла жайытына мергенчиликке чыккан. Досторунун айтымында, Э.Мамбеталиев кар көчкүнүн астында калган.
2-февраль күнү аны куткаруу үчүн ӨКМнын 6 өкүлү барган. Бирок аба ырайынын катаал шартынан улам көчкү түшкөн жерге жетпей кайра келишкен.