
Кечээ, 3-сентябрда саат 18:53тө өлкө аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунан маалымдашкандай, жер титирөөнүн очогу Таш-Көпүрө айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Салам-Алик айылынан 16 чакырым түндүк-чыгышта, Манас шаарынан 62 чакырым чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Таш-Көпүрө, Ара-Көл, Салам-Алик жана Кош-Этер айылдарында 3 баллга чейин сезилген.