“Шериктештик кубогу-2014” Эл аралык мелдешинин финалында Украина үй ээси Орусияны 4:0 эсебинде утту

Кечээ, 2-февралда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жыйынтыкталган “Шериктештик кубогу-2014” Эл аралык футбол мелдешинин финалында 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Украина курама командасы үй ээси Орусияны 4:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, украиналык футболчулар экинчи ирет катары менен финалга чыгып, быйыл гана чемпиондукка жетишип отурат. Өткөн жылкы мелдеште да финал дал ушул эки команданын ортосунда болуп, анда 4:2 эсебинде Орусия жеңишти илип кеткен.

3-орун үчүн өткөрүлгөн оюнда Беларусь атаандашы Эстония командасын 2:0 эсебинде утту.

Эске салсак, 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы 12-орунду ээледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ulukbek
2014-02-03 17:19:03
озу 12 каманда болсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан