VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–4-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы болуп өттү.
"Манас" улуттук театрынан маалымдашкандай, үч күнгө созулган таймаштын жыйынтыгында төмөнкү төкмө акындар байгелүү орундарга жана акчалай сыйлыкка ээ болушту:
Баш байге — 300 миң сом:
- Элмирбек Иманалиев (Кыргызстан);
- Мейирбек Султанхан (Казакстан).
- Нурсултан Малдыбаев (Кыргызстан);
- Мухтар Ниязов (Казакстан).
- Кутман Садыбакасов (Кыргызстан);
- Хазырет Бердихан (Казакстан).
- Акматбек Султан уулу (Кыргызстан);
- Нурлан Эсенкулов (Казакстан).
Мындан тышкары, айтышка катышкан калган акындар да акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү.