Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште Өзбекстан курамасы АКШны жеңди.
Беттеш бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өттү. Оюн 16:6 эсеби менен аяктады. Буга чейин эки команда тең Кыргызстан курамасына утулуп калышкан.