Кечээ, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалдын башкы байгесин Кыргызстандын өкүлү Нурдөөлөт Деркембаев утту. Калыстар тобунун чечими менен I орунду Түндүк Македониянын өкүлү Васил Ангелов, II орунду Казакстандын өкүлү Жасмина Тлеумбетова ээледи.
Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Монголиянын өкүлү Одмандах Баяраа I орунга татыды.