Социалдык тармакта кызуу талкууга алынган асыл таштардан токулган килемге 2 жылдан ашык убакыт сарпталган.
Жеке ишкер Баястан мырзанын айтымында, килемге керектелген таштар Түштүк Африка, Америка, Кытай, Түркия, жана башка өлкөлөрдөн чогултулган.
"Килемге 4 миңден ашык баалуу таштар колдонулду. Муну 12 чебер 2 жылда жасап чыгышты. Минималдуу баа 35 миң доллар деп чыгардым. Биринчи айым Айгүл Жапаровна этнобазарда бизди келип көрүп кеткенине ыраазы болдук", - деди ишкер.