2-4-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, мелдешке 13 мамлекеттен 13 команда катышты. Эркектер арасындагы абсолюттук салмак ченинде спортчулар 1×1, 4×4 жана 8×8 форматтарында күч сынашкан.
1×1 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
- 1-орун — Казакстан
- 2-орун — Кыргызстан
- 3-орун — Пакистан
4×4 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
- 1-орун — Казакстан
- 2-орун — Иран
- 3-орун — Кыргызстан
8×8 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
- 1-орун — Казакстан
- 2-орун — Кыргызстан
- 3-орун — Пакистан