Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча финалдык беттеш өттү. Анда Кыргызстан курамасы казакстандык атаандаштарын 12:0 эсебинде утуп алды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн туринден кийин көк бөрүдөгү эң мыкты оюнчу деп Кыяз Ниязов аталды. Ага диплом жана 300 миң сом акчалай сыйлык берилди.