Биз социалдык тармакта

Нуржан Мелисбек уулу атаандаштарына упай бербөөгө аракет кылышканын айтты

Өлкөнүн көк бөрү боюнча курамасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу Чолпон-Атадагы финалдык беттештен кийин казак улакчыларына упай салууга мүмкүнчүлүк бербөөгө аракет кылышканын айтты.

"Албетте, эсепти болушунча көп кылалы деп үмүт кылганбыз. Упай бербөөгө аракет кылганбыз. Жеңишти кыргыз элиме арнайбыз", - деди ал.

Айта кетсек, финалда Кыргызстан менен Казакстан курамалары кез келип, 12:0 эсебинде кыргыз улакчылары жеңишке жетти. Турнир Көчмөндөр оюндарынын алкагында өттү.

Нуржан Мелисбек уулу атаандаштарына упай бербөөгө аракет кылышканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан