Бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Атада Кыргызстан менен Казакстан курамаларынын ортосунда жер улак боюнча өткөн финалдык мелдештен кийин Манас Ниязов күйөрмандарынын курчоосунда калды.
Ат минип чыгып бара жаткан аны күйөрмандары аттан оодарып жерге түшүрүп, көптөп асманга ыргытып алкашты.
Айта кетсек, кыргыз улакчылары атаандаштарын 7:2 эсебинде утушту.