Чолпон-Атада ат майданындагы көк бөрү мелдешине билет алып, кире албай калган жарандар акчаларын кайтарып ала алышат. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев маалымат жыйынында айтты.
"Бул мелдешке билет сатып алып кире албай калган жана ат майданга кирип, орунга жайгашпай калган жарандарга тиешелүү. Ал үчүн билет сатып алган дүмүрчөктү көрсөтүү зарыл", - деди министр.
Белгилей кетсек, бүгүнкү финалдык мелдешке президенттин тапшырмасы менен билети жок жарандар да киргизилген.