Биз социалдык тармакта

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары шаңдуу жыйынтыкталып жатат

Бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи өтүп жатат.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчулар бир нече күн бою улуттук спорттун түрлөрү боюнча күч сынашып, жеңиш үчүн ат салышты.

Мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталып, спортчуларга медалдар тапшырылды.

Жабылуу аземинде оюндардын жыйынтыгы чыгарылып, эстафета кийинки мелдешти өткөрө турган тарапка өткөрүлүп берилди.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук спортту, маданиятты жана көчмөндөрдүн салтын дүйнөгө таанытууга багытталган ири эл аралык иш-чара катары жыйынтыкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан